Ирактын мурдагы вице-президенти дарга асылды

Ирактын мурдагы вице-президенти Таха Яссин Рамадан 148 шийитти өлтүргөнү үчүн бүгүн дарга асылганы кабарланды. Бул тууралуу «Ассошиэйтед пресске» Ирак өкмөтүнүн атын атабоону өтүнгөн расмий өкүлү билдирген. 1982-жылы Ирактагы Дужаил шаарында массалык кыргынга катыштыгы бар деп Рамаданга чейин дагы үч адам дарга асылган.