ИИМдин маалымат кызматы таркаткан кабарда милиция кызматкерлери өткөргөн рейд учурунда 380 кылмыштын бети ачылып, издөөдө жүргөн 88 кылмышкер кармалганы айтылат. Ачылган кылмыштардын ичинде үч адам өлтүрүү, ондогон мал уурдоо, талап-тоноо, автоунааны уурдап качуу, мыйзамсыз курал сактоо сыяктуу кылмыш фактылары бар. Баңгизаттар менен байланыштуу кырк кылмыш ашкере болуп, 5 кг баңгизат айлануудан алынган. Бул милициянын үч күндүк ишинин гана натыйжасы болуп саналат. (KCh)