Экономика жана саясий илимдер боюнча профессорду “Эркин муун” либерал жаштар альянсы менен Борбор Азиядагы Америка университети чакырган. Кен Скулланд иш сапарынын жүрүшүндө жергиликтүү либерал активистер,саясий ишмерлер менен жолугат. Бишкектик студенттерге либерализм боюнча дарстардын түрмөгүн окуйт. Кен Скулланд Кыргызстанда 23-29 июль күндөрү болот. (EBM)