7:00 Бишкекте бүгүн өлкөдөгү коомдук-саясий кырдаалды талкуулаган атуулдук форум өтөт

«Убакыт келди, өз элиңдин тагдырына кайдыгер караба!» деген аталыштагы бул жыйынды «Келечеги кең Кыргызстан үчүн» бириккен фронт «Реформа үчүн» кыймылы жана коомдук уюмдар менен биргелешип уюштурууда. Ага саясий партиялардын, бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү, саясий жана коомдук ишмерлер катышаары күтүлүүдө. Жыйын «Аккеме» мейманканасында өтөт. (SM)