Армения премьер-министринин капилет каза тапканына байланыштуу президент Роберт Кочарян өкмөт мүчөлөрүн чукул жыйынга чогултту

55 жаштагы Андраник Маргарян жекшембиде өз үйүндө кокустан жүрөк талмасы кармап, көз жумду. Парламентте көпчүлүк мандаттарга ээ Республикачыл партиянын лидери Маргарян өкмөттү жети жылдай башкарды. Маалыматтарга караганда, Роберт Кочарян 12-майга белгиленген парламенттик шайлоо аяктаганга дейре өкмөттү убактылуу башкара турган премьер-министр дайындашы мүмкүн.