БУУнун Косово боюнча атайын өкүлү аймакка Улуттар уюмунун көзөмөлү астында көз карандысыздык берүүнү сунуштады

Ушундай кадам гана Косового саясий туруктуулук менен экономикалык жандануу алып келе алат, - деп айтылат Марти Ахтисаари БУУнун коопсуздук кеңешине даярдаган докладда. Сербиядан бөлүнгүсү келген Косовонун келечегин Улуттар Уюмунун коопсуздук кеңеши апрель айында талкуулайт.