15:15 Бишкекте мектеп окуучулар арасында республикалык олимпиада башталды

Олимипиада борбор шаардагы № 5 гимназияда өтүүдө.
Ал мектеп программасынын жалпы 14 сабагынан болот. Билим берүү жана илим министирлигинин маалымдашына караганда сынакка өлкөнүн бардык аймактарынан 448 окуучу катышууда. Ал эми олимпиаданын жыйынтыктоо аземи 30-март күнү республикалык "Сейтек" балдар жана өспүрүмдөр борборунда өтөт. Жеңүүчүлөргө министирликтин дипломдору жана баалуу белектер ыйгарылат. (ESu)