15:30 Журналист Данияр Исановду сабагандар 2106 номерлүү ак жигули минип жүрүшкөн

Бул тууралуу “Азаттыкка” Бишкек шаардык № 4- ооруканасында нөбөттө турган милициянын старшинасы Рустам Төлөгөн уулу маалымдады. Анын ырасташынча, журналистке кол салгандар чөнтөк телефонун жана 1,5 миң сом акчасын олжолоп алышкан. НТС теле каналынын жаңылыктар берүүсүнүн алып баруучусу Д.Исанов, кечээ Динара Асанова көчөсүндө белгисиз адамдар тарабынан токмоктолгон. Журналисттин өзүнүн айтымында аны сабап жаткан адамдардын бирөөнөн “Ах, НТС” деген сөздү кулагы чалган. Аны дарылап жаткан нейрохирург Искак Исманов, оорулууну текшерген учурда мээси чайкалганын, мурду сынып, бети-башы көгала болгонун, оорулуунун абалы канааттандырарлык экендигин ырастады. (IJz)