Италия Сенаты Ооганстандагы аскерлердин ал жактагы кызмат мөөнөтүн узартууга макулдугун берди

Ооганстанда ушу тапта Италиянын эки миңдей аскери бар. Сенат Романо Продинин өкмөтүнүн Италиянын чет өлкөлөрдөгү бардык аскердик миссияларын каржылоону улантуу тууралуу сунушун колдоп берди. Проди феврал айында Сенат анын тышкы саясатын колдобой койгондуктан кызматынан чегинип, өлкө президентинин өтүнүчүнө ылайык ишин улантууда.