Бул тууралуу эл аралык "Хьюман Райтс Уочт" уюму билдирди. Орусиянын 7 жараны 2002-жылы Ооганстанда туткундалып, Гуантанамодогу америкалык түрмөдө эки жыл отурган соң мекенине өткөрүлгөн эле. "Хьюман Райт Уочтун" доклады ошол орусиялыктардын жакындары, адвокаттары алар менен жолуккан укук коргоочулардан алынган маалыматтарга негизделген.