18:10 Нарын районунун жергиликтүү Кеңешинин депутаттары бириккен фронтко кошулат

НАРЫН. Мындай маалымат 30-мартта бириккен фронттун Нарын облусундагы жетекчиси Сүйөркул Усубалиевден алынды. Анын айтымында, Нарын районуна караштуу Жанбулак айылдык кеңешинин 12 депутаты бириккен фронтко кошулгандыктарын билдиришип, кат жолдошкон. Андан сырткары бүгүн облустагы 5 райондун жана Нарын шаарынын жергиликтүү бийликтерине 9-апрелден баштап нааразылык акциялар баштала тургандыгы боюнча билдирүүлөр берилди. Кочкор районунда болсо “Эркиндик” партиясынын мүчөлөрү бириккен фронттун мүчөлөрүн барып коркутуп кетишкен деп кошумчалады Сүйөркул Усубалиев.(JI)