10:40 “Менин өлкөм” партиясы Конституциялык реформаны жана мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоо өткөрүүнү жактайт

Аталган партия өлкөдөгү кырдаалга байланыштуу билдирүү таратты. Анда “Менин өлкөм” партиясы маселелерди “көчөнүн тили” менен чечүүгө ар дайым каршы болуп келгендиги, митинг, жыйындардын аягы түрдүү коркунучтарга алып келери тууралуу айтылып, бирок тилекке каршы бүгүнкү бийлик түптүү реформаларды көчөнүн басымы алдында гана жасай тургандыгын дагы бир жолу көрсөттү, ошондуктан, тез арада Конституциялык реформа жана өлкөнүн саясий бийлигин алмаштыруу зарыл деп жазылган.
Билдирүү ээлери президент эл тарабынан шайланган, ошондуктан, мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өткөрүү талабы туура эмес, мындай талаптар өлкөнү түндүк-түштүк болуп бөлүнүүгө алып келет деп эсептешет.