11:50 Баткенде тынчтык митинги өтүп жатат

Баткен шаарынын борборунда өтүп жаткан жыйынга миңге чукул эл келди. Митинг “Биримдикти бузгандарга каршыбыз”, “Кыргызстандын элине тынчтык керек”, “Биз Бакиев менен, Бакиев эл менен” деген ураандардын алдында өтүүдө. Жыйында чыгып сүйлөгөндөр оппозиция бийлик менен сүйлөшүүгө барсын, маселелер тынч, сүйлөшүү жолу менен чечилсин деген талаптарды коюшту.
Жыйынга Жаңы Кыргызстан, “Эмгек жана биримдик” саясий партиясы жана облустук администрация демилгечи болду.
Тынчтык митингдери ушул тапта Баткен облусунун Кызылкыя, Сүлүктү шаарларында өтүп жатат.