14:40 Кыргызстан жана Иран кино жаатында кызматташат

«Кыргызкинонун» президенти Замир Эралиевдин билдирүүсүндө жакынкы күндөрү жаш кыргыз режиссерлор Тегеранга барып стажировкадан өтуп келишет. Өз кезегинде иран жаштары да Кыргызстанга келип , кино чеберлеринен таалим алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат. Бул үчүн кино жаатындагы Ирандын Маданият институту менен кызматташтык келишими жакынкы күндөрү түзүлөт.Келишимдин жыйынтыгы, эки өлкө режиссерлору биргелешкен фильм жана мульттасмаларды жаратышат.(ElenK)