Биргеликте Жакынкы Чыгыш чыр-чатагын чечүү жолдорун издеп тапканга аракет кылалы деп айтты Ольмерт Германия канцлери жана Евробиримдиктин учурдагы төрайымы Ангела Меркель менен биргелешкен пресс-конференция маалында. Ольмерт учурдан пайдаланып, тынчтык кеңешмесине бардык араб жолбашчыларын, алардын арасында Сауд Арапстандын падышасы Абдалланы да чакырып жатканын жар салды.