Британиянын Иранда кармалып турган он беш морягы тең бул өлкөнүн сууларына уруксатсыз киргенин моюнга алды

Бул тууралуу бүгүн Ирандын мамлекеттик маалымат каражаттары жарыялады. Бирок Британия тышкы иштер министрлиги аталган маалыматты дароо четке кагып, моряктар Ирандын эмес Ирактын сууларынан кармалган деген мурдагы турумун бүгүн да кайталады. Буга чейин иран телеси аркылуу да алардын төртөөсүнүн Иран аймагына мыйзамсыз киргенин айткан сөздөрү берилген эле. Моряктар 23-мартта кармалган.