10:50 Кыргызстанда Кытайдын 21 миң жараны убактылуу жашайт

Мындай маалыматты миграция боюнча мамлекеттик комитеттин төрага орун басары Досмир Өзбеков бүгүн парламентте билдирди. Алардын 4 миңден ашыгы иштөөгө уруксаты бар. Учурда парламент чет элдиктерге квота берүү маселесин карап жатат. Өкмөт чет өлкөлүктөр үчүн 8 миңден ашык адамга квота берүүгө уруксат сурап жатат. Буга каршы чыккан депутаттардын бири Улугбек Ормонов кытайлык соодагерлер базарларда басымдуулук кылып, жергиликтүү соодагерлердин укуктарына доо кетип жаткандыгын белгиледи. (BuS)