Соломон аралдарын каптаган цунамиден улам бери дегенде 13 адамдын өмүрү кыйылды

Мындан сырткары тогуз жүздөн ашуун үйлөр кыйрап, беш миңдей адам үй-жайсыз калды деп билдиришти расмий бийликтегилер. Кечээ түнү Тынч океандын түштүгүндө 8 баллдык жер титирөө болуп, цунами ошондон улам жаралган.