Абактагы 15 британ деңизчисине байланыштуу кырдаал сотсуз эле чечилет, - деп билдирди Ирандын Жогорку улуттук коопсуздук кеңешинин катчысы Али Ларижани. Мындай билдирүүнү Ларижани Британиялык 4-каналга интервью берип жаткан учурда жасады. Анын аралыгында расмий Вашингтон британ деңизчилерин барымтага алынган кишилер деп эсептөөгө негиз бар экенин кайталап, мындай пикир Иранды согушка түртүү максатын көздөбөйт деп кошумчалады.