12:45 Тартип коргоо, күч тармагынын ардагерлери саясий кырдаалды сүйлөшүү жолу менен чечүүнү жактайт

Мындай пикирин бүгүн уюштурулган маалымат жыйынында демилгелүү топтун башчысы, ардагер Каравай Асаналиев билдирди. Ардагерлер коомдогу пикир келишпестиктердин себебин мыйзамдардын так аткарылбай жатышы менен байланыштырып, муну сүйлөшүү жолу менен чечүүнү сунуш кылды. Ал эми маалымат жыйынына катышкан ардагерлердин бири Мелис Бейшеев Бириккен фронттун талаптарын колдой тургандыгын билдирди. (BuS)