16:30 Климаттын кескин ысышын талкуулаган жыйын өтөт

БУУнун онүктүрүү программасы уюштурган тегерек стол эртең Бишкекте өтөт. Иш чаранын максаты климаттын кескин өзгөрүшүнүн кесепеттери тууралуу коомчулукка тереңирээк маалымат берүү. Мындан тышкары бул көйгөй менен күрөшүү үчүн жаңы каражат булактарын табуу, эл аралык экологиялык конвенцияларды кабыл алуу талкууланат. Жыйынга Жогорку Кеңештин депутаттары, президенттин администрациясы менен министрликтердин өкүлдөрү, ошондой эле жоон топ серепчилер катышат.(AiJu)