7:14 Жаңы премьер-министр бүгүн журналисттер үчүн кеңири маалымат жыйынын өткөрмөкчү

Алмаз Атамбаев анда өкмөттүн жаңы курамы, алдыдагы ишмердүүлүгү жана пландары боюнча сөз кылаары күтүлүүдө. Өкмөттүн басма сөз кызматы премьер-министр журналисттердин бардык суроолоруна жооп берүүгө даяр экенин маалымдады. Ушундай эле маалымат жыйынын эртең «Келечеги кең Кыргызстан үчүн» бириккен фронттун башчысы Феликс Кулов да өткөрөөрү кабарланууда. (SM)