Парижден Страсбургга дейре атайын курулган темир жолдо поезд саатына 574.7 км ылдамдыкты багындырды. ТЖВ локомотивдери өтө кубаттуу жана дөңгөлөктөрү чоң келген эксперименталдык поезд. ТЖВ поездинин мурунку рекорду – 1990-жылы коюлуп, анда ал саатына 515 км тездик менен жүргөн эле.