Виктор Янукович анын өкмөтү жана бийликтеги коалиция ансыз шайлоого даярдык баштабай тургандыгын кошумчалады. Депутаттар конституциялык сотту президент Ющенконун 2-апрелдеги парламентти таркатып, келерки айда жаңы шайлоо өткөрүү жардыгынын мыйзамдуулугун текшерүүнү өтүнүүдө. Янукович жардыкты "чоң ката" деп мүнөздөгөн.