14:57 Ички иштер министринин биринчи орун басары ачкачылык акциясынын жүрүшү менен таанышты

Министрдин биринчи орун басары Осмонали Гуронов парламент алдына тигилген боз үйлөргө келип кетти. Ал шаарда милиция коомдук тартипти камсыз кылаарын белгиледи. Учурда парламент имаратынын алдында жети боз үй тигилип, 21 аял, 43 эркек ачкачылык акциясын өткөрүүдө. (AiT)