7:48 Конституциянын жаңы долбоорун иштеп чыгуучу жумушчу топ бүгүн алгачкы жыйынын өткөрөт

Кечээ кечинде өкмөт башчы Алмаз Атамбаев бул топтун 11 адамдан турган курамын бекиткен буйрукка кол койду. Премьер-министр өзү жетектөөчү бул топко Ишенбай Абдразаков, Жаңыл Алиева, Азимбек Бекназаров, Бектур Зулпиев, Исхак Масалиев, Роза Отунбаева, Иса Өмүркулов, Дооронбек Садырбаев жана Турсунбек Акун кирди. Өкмөт башчы Алмаз Атамбаев бул жумушчу топ конституциянын жаңы долбоорун 10-апрелде президентке сунуштаарын эки күн мурда билдирген.(SM)