АКШ долларынын европалык валютага карата курсу арзандады

Кечээги соода учурунда 1 евро 1 доллар 34 центке бааланган. Бул соңку эки жылдагы эң төмөнкү чек. Мындай көрүнүш акыркы ирээт 2005-жылдын мартында орун алган эле. Эксперттер доллардын арзандоосун АКШда Европага салыштырмалуу экономикалык өсүштүн көрсөткүчтөрү төмөндөгөнү менен түшүндүрүшүүдө.

Улан Эшматов, Прага