13:05 Ош мамлекеттик университетинде Европа долбоору ишке кирди

Долбоордун алкагында аталган окуу жайда европалык стандарттарга шайкеш келген айыл чарба боюнча бакалавр адистер даярдалат. Болочоктогу айыл чарба кадрлар агрономияны эле өздөштүрбөстөн, ишкерлик долбоор түзүүнү үйрөнүп, бухгалтериялык эсеп-кысап жүргүзүү боюнча билим алышат. Долбоор Европалык биримдик тарабынан каржылоого алынып, ага Австрия, Венгрия, Германия жана Испаниянын университеттери тартылат. Бул туурасында ОшМунун басма сөз кызматы билдирди. (EBM)