Жумушчу топтун мүчөлөрү ошондой эле бүгүн жаңы долбоордогу өзгөрүүлөр боюнча маалымат жыйынын беришмекчи. Маалыматка караганда, бул долбоорго былтыр ноябрда кабыл алынган конституция негиз катары алынган. Жаңы долбоордогу негизги өзгөчөлүктөрдүн бири - өкмөттү дайындоодогу өзгөртүүлөр. Тактап айтканда, премьер-министрди президент эмес, парламенттин фракциялары көрсөтүп, министрлерди өкмөт башчы өзү Жогорку Кеңешке сунуштайт. (SM)