Британиялык жоокерлерге интервью үчүн акча алууга тыюу салынды

Британия коргоо министри Дес Браундун билдиргенине караганда, Иранда камакта отуруп чыккан деңизчилерге туткун тууралуу маалымат жайылтуу үчүн акчалай сыйлык алууга уруксат бергени үчүн аскерий жетекчилик кескин сындалды. Ошондуктан британ жоокерлерине интервью үчүн сыйлык алууга тыюу салынды. Камактан бошотулган 15 деңизчи британ маалымат каражаттарына маалымат сатууга үлгүргөндүктөн, бул тыюу аларга залака келтирген жок.