Бүгүн жарык көргөн гезиттердин баары эртең боло турган митинг тууралуу жазып чыгышты.
«Кыргыз туусу» гезити Кыргызстандын Тажикстандагы мурдагы элчиси Эрик Асаналиев менен баарлашты. Экс-элчи мырза азыр фронттун жетекчилери каалагандай, бийлик башындагылар бир күндө эле бийликти тынчтык жолу менен бере койбостугун, адамзат тарыхында бийлик ар дайым күч менен, кан төгүү менен алынганын, эл деген эч качан бири бири менен согушпаганын, аларды согуштурушканын Тажикстандын мисалында баяндаган.
«Агым» гезити эртеңки митингке оюн билүү максатында жүргүзгөн сурамжылоосуна коомдук ишмер Бегиш Ааматов: эл Акаев кеткенине сүйүнүп азыркы бийликти Акүйдүн 7-кабатына чыгарып койсо Бакиев бийлиги да аны туурап элдин үмүтүнө суу сепкенин, Акаевге 15 жыл чыдаган эл Бакиевге бир жыл да чыдай албагандыгын, мындан ары чыдоого болбой калгандыгын, экс-губернатор Анвар Артыков: эң башкысы Бакиевде президенттикке таандык сапаттар жоктугун, бийликке кокусунан келгендигин, деңгээли өтө төмөн экенине элдин көзү жеткенин, «Элет» партия лидери Накен Касиев: оппозициянын радикалдашуусуна бүгүнкү бийлик апкелгенин, анткени жылдап тил эмизген алдамчылыкка эл ишенбей калганын, экс-губернатор Эсенгул Өмүралиев: башкаруу күчү кантсе да бийлик тарапта тургандан кийин сүйлөшүүлөргө барса тура болмоктугун, академик Абдыганы Эркебаев: жолбошчылык, көсөмдүк касиеттинин жоктугу бийликтин кайгысы болгонун, Конституциялык реформа деп атып тил тешилгенин, оппозиция койгон талап абдан туура экендигин, аны колдоорун айтып жооп беришти.
Ушундай эле суроо менен кайрылганда «Эркин тоо» гезити аркылуу УТРКнын диктору Бактыбек Мамытов: ал саясаттын адамы эместигин, президентке караштуу мамтил боюнча улуттук комиссия төрагасы Ташбоо Жумагулов: эки тарап тил табышса кыргыз элине кут конорун, компартия башчысы Клара Ажыбекова: Куловдун сүйлөшүүгө келбей жатканы ачык сүйлөшкөндөн коркуп жатканы деп айтышты.
«Энесай» гезитине «Ф.Куловго окшогон ыпыр-сыпырларды жыйып алгыдай оппозиция мусорный контейнер эмес» деген ат менен депутат Д.Садырбаевдин макаласы жарык көрдү. Депутат Садырбаев Акаев доорунда да аны күч менен кулатабыз дегендерди колдобогонун, учурунда Кулов менен альянска барба, кийин жаманаттысына каласың деп Бакиевге айтканын… Кулов өз максатына жетүү үчүн бардыгын кыйратып жок кыла турган адамдардын тобуна кирерин… бүгүн өзү менен үзөнгүлөш жакын санаалаштары Куловдун жетегинде жүргөнүнө жаны кейип жатканын баяндады.
«Кыргыз руху» гезити да ой-пикирлерге орун берди. Маселен белгилүү жазуучу Сейит Жетимишов: фронттун эртеңки митинги коррупцияга, киши өлтүрүүлөргө, туруксуз саясый абалга каршы жасалып жатканын, ал дагы эртең аянтка барып өз оюн билдирерин, ЮНЕСКОнун Кыргызстандагы башкатчысы Жыпар Жекшеев: митингке 50 миң, 100 миң адамдын чыгышы трагедия эместигин, негизинен Башмыйзамды реформалоо идеясын колдоорун, «Тунгуч» театрынын деректири, Кыргыз эл артиси Жамал Сейдакматова: эки тарап сүйлөшүүгө барбаса, алдыда өлкөнү жоготуп алуу коркунучу турганын айтып чыкты.
А. Атамбаев мырза айткандай оппозициянын да ажыдаарды жеңгени барып өзү ошол ажыдаарга айланып кетишин каалабас элек. Анткени бийликти мыйзамсыз алмаштыруунун себилген үрөнү эртең кандай түшүм берери айтпаса да белгилүү. Бүгүн бизге тынчтык гана керек. Ал эми сүйлөшүүдөн баш тарткандар тынчтыктан жана өз элинен корккондор, деп жазды «МСН» гезитинин кабарчысы Замир Өсөров мырза.
Шайлообек ДҮЙШЕЕВ