22:45 М.Суталинов: Ф.Кулов өз сөзүнө турду: 9-апрелдеги митингдер тынч өттү

БИШКЕК. "Феликс Кулов 5 жыл абакта жок жерден отурду. Ошондуктан ал акыйкатсыздык деген эмне экенин жакшы билет. Менимче, Ф.Куловдун тарапкерлери мыйзам бузууга барбайт деп ойлойм. Анткени 9-апрелде жер-жерлерде "Бириккен фронттун" митингдери тынч өттү. Азырынча Ф.Кулов сөзүнө туруп жатат" деп билдирди Улуттук коопсуздук кызматынын төрагасы Мурат Суталинов "5-каналга" берген интервьюсунда.