Шейшемби күнү Янукович жана жана анын саясий өнөктөштөрү мунаса долбоорду карай башташты.Тараптар толугу менен келишимге келмейинче, документтин мазмуну жашыруун бойдон калат. Кечээ Украинанын Конституциялык соту парламентти таркатуу боюнча президенттин жарлыгынын мыйзамдуулугу тууралуу ишти карап чыкты. Бирок бүтүм чыгаруу мөөнөтүн сот 17 апрелге калтырды.