16:17 Б.Бешимов: Бириккен фронттун элди үндөгөн идеясы жок

Митингде элдин аз болуп жатканы элди алдыга үндөй турган идеянын жоктугу, деген пикирин билдирди саясатчы Бакыт Бешимов “Азаттыкка”. Ушундай эле көз карашын академик Жамин Акималиев да билдирди. Анын айтымында, бийлик буга чейин оппозициянын койгон талаптарын эч качан аткаруучу эмес. Ошондуктан бириккен фронттун жана “Реформа үчүн” кыймылдын лидерлери мунасага келип, сүйлөшүү жолу менен түзүлгөн саясий оор кырдаалдан чыгуулары керек, дейт Акималиев. (AJ)