15:35 А. Турдукулов: Саясий кыйын абалдан чыгуунун жолу – чукул парлaменттик шайлоо өткөрүү

Жаш саясатчы митингдер чыныгы саясий күчтөр парлементтин сыртында экенин көрсөткөнүн айтат. “Ошондуктан кезексиз парламенттик шайлоолор өткөрүлүп, коррупцияга малынбаган, криминалга аралашпаган жана партиялык баалуулуктарды көздөгөн атуулдар келип, өкмөт андан кийин куралышы керек. Келишкис оппозиция “Бакиев кетсин!” деген талапты койсо кое берсин, бирок ал талап 2010-жылга багытталышы зарыл. Оппозиция президенттик шайлого катышып, мыйзам чегинде талаптарын коюп, бийлик менен ошондо күч сынашсын”, дейт Турдукулов. (EBM)