БУУнун Коопсуздук Кеңешинин Косового далил жыйноочу миссияны жөнөтүү чечими- Россияны ыраазы кылды

Сербиянын курамындагы Косовонун болочок макамын аныктоодон мурда, провинцияга атайын миссиясы жөнөтүүну Москва сунуш кылган эле. Россиянын элчиси Виталий Чукиндин сөзүнчө:

-Бул миссия аймакка айдын соңуна калбай барат деп үмүттөнөбүз. Миссия Нью- Йорктон чыгып кеткенче БУУнун Секретариаты 1244- резолюциянын аткарылышы менен тааныштырат деген ойдобуз.

АКШ, Британия жана Франция Косово “көзөмөл астында эгемен” болуусун жактоодо. Мындай сунушту БУУнун чабарманы Марти Ахтисаари киргизген. Андай сунушка Россия менен Кытай каршы чыгышууда.