14:45 Ошто улуттук-патриоттук күчтөрдүн курултайы болуп өттү

Курултай кыргыз драмалык театрында өттү. Курултайдын катышуучулары өлкөдөгү коомдук-саясий кырдаалды талкууга алып, Башмыйзамга Элдик курултай институтун киргизүүнүн зарылчылыгын белгилешти. Бул иш-чарага түрдүү коомдук уюмдардын өкүлдөрү, мурдагы мамлекеттик катчы Дастан Сарыгулов катышты. Ал эми президенттин түштүктөгү өкүлү, Ош облусунун губернатору Жантөрө Сатыбалдиев конок катары чакырылган.