Жогорку Кеңештин төрагасы Марат Султановдун айтымында, бул долбоор премьер министр Алмаз Атамбаев жетектеген жумушчу топтун долбоору. Эгер башка долбоор регламенттин негизинде өз эрежеси менен сунушталса, 38 депутаттан колдоо тапса, парламент кароо укугуна ээ болот. Оппозициялык долбоорду даярдаган авторлордун бири, депутат Кубатбек Байболовдун сунушуна ылайык төрага депутаттарга демилге катары таратып бермей болду. Анын негизинде авторлор депутаттардын колун топтоо аракеттери башталат. Долбоорду Кубатбек Байболов менен Темир Сариев даярдаган. (BuS)