Иракта бомбалардын жарылуулары 35 адамдын өмүрүн кыйды

Дагы ондогон киши оор жарааттарды алды. Багдаддын түштүгүндө адам толгон базарда болгон эки жарылуудан 18 адам каза тапкан. 17 адам шаардык автобустагы жарылуудан, 2 киши эки Британ тик учагынын кагылушуусунан мерт кетти.