10:16 Камчыбек Ташиев парламентти таратууга макул

Ушак айыңдар токтотулмайынча, кырдаал турукташмайынча Конституциялык реформага барууга каршымын, деди депутат Камчыбек Ташиев журналисттердин суроосуна жооп берип жатып. Ал ошондой эле парламентти таратуу демилгесин колдой тургандыгын билдирди. Анын көз карашында оппозиция бийликти күч менен тартып алуу максатын көздөйт. (AJ)