ПРЕЗИДЕНТТЕ ЭКИ ГАНА ЖОЛ КАЛДЫ

«Де-факто» гезитине берген маегинде мурдагы Коопсуздук Кеңешинин катчысы Мирослав Ниязов, азыркы кырдаалдан чыгуунун эки жолу барын, биринчиси, президент бийлигин сактап калуу үчүн шайтан менен болсо да сүйлөшүүгө баруусу, экинчиси К.Бакиев өзү кетирген кемчиликтерин мойнуна алып, эл алдына чыгуусу жана ыйгарым укутарын бөлүшүү мөөнөтүн так айтышы керектигин, ошондо гана Бакиев адамдык саапатын аз да болсо сактап каларын, мамлекет башчысы катары, ал, окуялардын жүрүшүнө тарыхый өзгөртүүлөрдү киргизе албай калганын, Акаевди кубалап ийип, анын ордун орустар айткандай «шилы на мылого» алмашканыбызды, бүгүн көбүнчө кызматтан отставка берип жаткандар генералдар менен офицерлер болуп атканынын себеби аларда ар намыс деген бар экенин, мындай адамдардын кызматтан чегиниши бүтүндөй бийлик бутактарын алсыраткан президент Бакиевге ишенимдин кеткендигин белгилээрин айткан.

«Лица» гезити КР президенттик админстрациясынын мурдагы башчысы Мыктыбек Абдылдаевдин эмне себептен кызматтан чегинишин сураганда, генерал аппаратчы, президент Бакиевдин ар бир жасаган кадамы саясый колдоону азайтып олтурганын, эгер азыркы тирешүү ушул өңүт менен улана берсе ал барып-келип эле президентти алсырата берерин, ушул жылдын март айынан баштап Бакиев өз ордун сактап калуу үчүн бүтүндөй бийлигин пайдаланганга өтүп алганын, тилекке каршы президенттик админстрация менен өкмөт Акүйдөн башка жерде даярдалып келген тапшырмалар менен көрсөтмөлөрдү гана аткарып калганын, демек мындай жерде эч кандай реформа болот деп ойлоого болбой тургандыгын баяндаган.

«Общественный рейтинг» гезити аркылуу КР президентине караштуу адам укугун сактоо боюнча комиссия төрагасы Турсунбек Акун, президент Бакиев өз бийлигин тынч жол менен өткөрүп берүүгө барбастыгын, бирок бүгүнкү болуп аткандарга анын күнөөсү барын, депутат Кубатбек Байболов, «бириккен фронт» менен «Реформа үчүн» кыймылы президентке бардык тарабынан келишимге келе турган Конституциялык вариантты сунуш кылышканын, бирок андан жооп болбогондугун, фронт лидерлеринин бири Өмүрбек Абдрахманов, митингке чыгуучулардын саны күн санап көбөйөөрүн, оппозициялык күчтөрдү колдогондор арбындыгын, митинг жок эле дегенде бир айга чейин турганга кудурети жетерин билдиреген.

Шайлообек ДҮЙШЕЕВ