Детройттун шаардык соту теги ирактык эки америкалык жаранды Хуссейн үчүн чагымга барган деп кине койду. Нажиб Шемами жана Гази аль-Авади мурдагы Ирак режиминин атайын кызматтарын АКШда жүргөн режимдин душмандары тууралуу маалымат менен камсыздап турушкан. Азыр алар 10 миң долларлык күрөө менен убактылуу бошотулду.