20:50 Аянтта эл суюлду, чачыранды боло түшкөн митингчилердин кыжырлануусу артууда

Акүйдүн коопсуздук кызматына карата таштар, бөтөлкөлөр ыргытылып, милиция көпчүлүктү газ менен атып, борбордук аянттан өткөрө сүрүп таштады. «Азаттыктын» кабарчысы ушундан улам борбордук аянттагы эл суюлуп, көпчүлүк «Эркиндик» гүлбагын карай качкандыгын маалымдады. Башаламандыктан улам элдер оппозиция лидерлерин укпай, кыжырлангандардын саны көбөйүүдө. К.Байболов, Р.Жээнбеков, Т.Сариев баш болгон оппозиция лидерлери көзөмөлдү колдон чыгарбоого далалат кылып, элди тынчтанууга үндөп жатышат.(IJz)