7:00 Кечээ кечинде «Алатоо» аянты митингчилерден толук тазаланды

Ага өкмөт үйүнүн жанында митингчилер менен милиция ортосундагы тирешүү себеп болду. Милиция нааразылык акциясына чыккан элге көздөн жаш агызчу газ колдонуп, адегенде өкмөт үйүнүн алдынан, андан соң «Алатоо» аянтынан сүрүп чыгарышты. Натыйжада митингчилер таркап, түнкү саат 12ге дейре аянт боз үй жана чатырлардан толук тазаланды. Оппозициялык бириккен фронт мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өткөрүү талабы менен 11-апрелден бери «Алатоо» аянтында мөөнөтсүз митинг уюштуруп келген. (SM)