Кыймыл конституциялык реформа үчүн жана коррупциялашкан үй-бүлөлүк башкарууга каршы күрөштү уланта берээрин кечээки маалымат жыйынында бириккен фронттун лидери Феликс Кулов билдирди. «Тынчтык акцияларды улантабыз, бирок болуп өткөн чагымдарды эске алып туруп биз стабилдүүлүктү сактоону биринчи максат кылабыз»,- деди Кулов. Бирок оппозиция лидерлери митинг кайра качан уланаарын ачыктабай, бул маселе штабдын жыйынынан кийин белгилүү болоорун билдиришти.(SM)