10:15 Ө. Суваналиев: Бизди эч ким суракка чакырган жок

Бул тууралуу “Бириккен фронттун” штаб башчысы Өмүрбек Суваналиев бүгүн “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, штабдын жетекчилери учурда митингиге катышкандарды топтоп, кимге жардам керек болсо көрсөтүүдө. Митингини улантуу бүгүн кечки саат төрткө белгиленген деген Суваналиев Бириккен фронттун митинги тынчтык максатты көздөгөнүн, ал эми 19-апрелдеги окуяны чагым катары баалады. Бирок тартип коргоо органдары жана өкмөт башчы митинг жетекчилери жаштарды өкмөт үйүнүн алдына кароосуз таштап, чагымга жол коюшту деп билдирип, баш аламандык боюнча кылмыш иши козголгонун кабалашууда. (AiT)