Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасынын айтымында, суракка чакыруу депутаттык кол тийбестиги жок жетекчилердин баарына 19-апрелдеги баш-аламандыкка байланыштуу козголгон кылмыш иштин алкагында тапшырылды. Чакыруу бүгүн эртен менен алтыда берилди. Ал эми митингинин жүрүшүнө Улуттук коопсуздук кызматы кийлигишкен жок. (AiT)