Мындай оюн Кыргыз туроператорлор ассоциациясынын директору Йен Клейтор билдирет. “Саясий окуялардан улам туризм зыян тартууда деп айта албайм. Албетте, туристтер өлкөдөгү абалды байкап турушат, бирок митингдер дээрлик бардык мамлекеттерде орун алган. Андыктан учурда Кыргызстанга келүүнү каалаган чет элдик туристердин саны азайган жок. Бирок, кырдаал курчуп, өтө олуттуу саясий окуялар болсо, ошондо туризмдин абалы начарлашы ыктымал.”,-деди “Азаттыкка” Йен Клейтор. (AiJu)