11:28 Президент премьер-министрдин катышуусу менен кеңешме курду

Бүгүн болгон кеңешмеде Сузак, Базаркоргон, Ноокен райондорунда селдин кесепеттерин жоюу, Кочкор жана Баткен облусундагы жер титирөөлөрдөн зыянга учурагандарды калыбына келтирүү иштеринин жүрүшү талкууланып, мамлекет башчысы бул иштерди тездетүүнү өкмөт башчысына тапшырды. Ошондой эле экономикалык багыттагы мыйзамдарды парламент тарабынан кабыл алынышын тездетүү, казак президенти Нурсултан Назарбаевдин Кыргызстанга сапарына даярдык көрүү маселелери да кеңешмеде каралды. (AiT)