16:19 Түштүктө жаштар үчүн адам укуктары боюнча семинар өттү

Семинарга Ош, Жалалабад, Исфана жана башка аймактардан жүздөн ашуун мектеп окуучулары жана студенттер катышты. Иш чаранын максаты жаштарды адам укуктарынын тегерегиндеги проблемаларга кызыктыруу. Он төртүнчү апрелден тарта он күн аралыгында семинардын катышуучулары адам укуктары, аларды коргоо жолдору жөнүндө сабак алышты. Иш чараны “Перемена” Инновациялык билим берүү борбору уюштурган. (AiJu)